www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир мандаттуу болсо жалаң байлар гана депутат болушат”, - деди бүгүн, 12-июлда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева.

--“Кыргызстан үчүн депутаттар Жогорку Кеңешке партия менен келгени туура. Себеби, алардын чоң программасы дагы болот. Ошону ишке ашырууга, мыйзам чыгарууга аракет кылышат. Буга чейин деле Кыргызстан бир мандаттуу депуттарды шайлаганбыз. Тилекке каршы жакшы жыйынтык берген эмес.

Айрыкча айрым аймактарда депутат жок болуп калса ал жактар каралбай калган. Андыктан партия менен түзүлсө бүтүндөй мамалекеттин кызыкчылыгын көздөп коргойт деп ишенем.

Экинчи жагынан караганда бир мандаттуу болсо жалаң гана капчыктуу жигиттер депутат болуп келишет. Бул жерде аялдарга, жаштар эл өкүлү болууга мүмкүнчүлүгү жок болуп калышы мүмкүн. Алар каяктагы акчасына депутат болмок эле.

Ошондуктан партия болуп түзүлсө активдүү, аракет эл үчүн иштейм деген жаштар, аялдар депутат болушмак. 6-чакырылышты карасаңыздар айымдар көп, ошону менен катар жаштар дагы көп шайланган”, - дейт Алтыбаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости