www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кенжебек Арыкбаев: «Хот-дог» жебечи, Эдил!

Орто Азия, айрыкча Ала-Тоону мекендеген биздерге салыштырмалуу европалыктардын тамак-ашы негизинен фастфудга басым кылышса керек... бул эми салыштыра кеткен эле ой.

Мамлекеттин жүрөгү, башы жана башка органдарынын өзөгү-ошол өлкөнүн Конституциясы. Негизи ушундайда? Биздин Баш мыйзамдын эң биринчи беренесинде да «Кыргызстандын эли-эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин жалгыз бир булагы» деп бакыйып жазылып турат.

Бийликтин жалгыз булагы болгон ошол эл тандап, биздин үнүбүздү бийик трибунада билдир деп өз өкүлүн Жогорку Кеңешке шайлайт. (7 миллионго жакын эл баары келип Ак үйгө же Көк үйгө отуруп албайт да). Азыркы Баш мыйзам боюнча элдин атынан ЖКга 90 Эл өкүлү келгени турат. Кечээ болсо «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» көрсөтүүсүндө ошол эле күнү КРнын министирлер кабинетинин орун басары, КРнын социалдык блогун тейлейт эми деп бекитилген Эдиль Байсалов ээрге чындап эле кыйшак отуруп алгандай таасир жаратты.

«Бизге 40-45 депутат болсо болду... ошо жетет... ошолор менен эле мыйзамдарды кабыл алып кете беребиз... калгандар жер тепкилешсе да кылыбыз кыйшайып да койбойт» деп чамгарактаганы бийликтин ээси болгон элдин далайынын беттерине муздак суу чачкандай эле болду. «Ни фига себе!» Ошондо кандай болуп калат? Демек, калган 3 миллионго жакын элдин, «байсаловдордукунан» башкача пикир айткан шайлоочулардын Жогорку Кеңештеги Эл өкүлдөрүнүн үнү жөн эле «воздух» болуп калабы?

Тиги вице бизге «40-45 депутат болсо болду... ошо жетет» деп атса? Болгондо да Э.Байсалов ушундай бир кекээрленген акцент менен айтып атат. Андай болбойт, Эдичка! Англияда жүрдүң, элчи болуп. Ал Англиянын парламенти 13-кылымдан бери келе жаткан жер бетиндеги эң таасирдүү делген парламент. Аны менден да жакшы билесең керек.

Кокус ошол өлкөнүн вице-министри болуп туруп кечекидей кесир сүйлөгөнүң үчүн, кай тарапка экенин билбейм, бери дегенде шампандын пробкасындай эле ыргымаксың! Мындай жүрүшүң менен узакка деле барбайсың го, ушу сен! Азыр, тескерисинче президент менен министирлер кабинетинин башкы миссияларынын бири-алдыдагы парламенттик шайлоону ачык, таза, адилет өткөрүп алуу.

Андайда күчтүү парламент тандалса Элдин үнүн так, туура, тайманбай айткан ошол Эл өкүлдөрү менен бирдикте мамлекеттин өнүгүүсү үчүн мыкты реформалар жасалаар деген үмүт турат, коомчулуктун калың контингентинин назарында! (сенин мээ чөйчөгүңдө элдин пикиринен да силер айтканды гана аткара берчүдөй болгон 40-45 депутат эмес!!!)

Кенжебек Арыкбаев, NazarNews.kg

Последние новости