www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«500 күндүн ичинде Акылбек Жапаров ишинен жарытылуу жыйынтык чыгара албаса, эл министрлер кабинетинин башчысынан эмес, президенттен сурайт», - деди бүгүн, 14-октябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.

-Ташболот агай, өкмөттүн жаңы курамы купулуңузга толдубу же баягылар эле кызматка келип, иштин майын чыгарабыз деп жатышабы?

- Кыскача айтсам баягылар эле келди. Улукбек Марипов деген эч нерсе чечпеген, керек болсо сары улак болуп, садагага чабыла турган эле адам деп мурунку маектеримде айткам. Айтканымдай эле болду. Азыр ошол орунга анын биринчи орун басары келди.

Марипов эмне үчүн ал кызматтан кетти. Анын ордуна эмне үчүн орунбасары келди бул тууралуу эч нерсе айтылган жок. Негизи цивилдүү мамлекеттерде жогорку кызматтагы адам эмнеге кызматтан кеткени, ошондой эле экономиканын баарына жооп берген орун басары эмне себептен кызматы жогорулаганы тууралуу маалымат берилиши керек эле.

Тагыраагы, 200 күндүн ичинде эле ишти тарталбасы билинип калдыбы бул тууралуу да айтылса болмок. Кыскасы, бүгүнкү күндүн мыйзамы, Конституция боюнча кыбыр эткен нерсенин баары президент жооп берет.

500 күндүн ичинде Акылбек Жапаров ишинен жарытылуу жыйынтык чыгара албаса, эл министрлер кабинетинин башчысынан эмес, президенттен сурайт. Президент элге отчёт берип, жакшысы бул, жаманы мындай деп алдыдагы пландарын айтышы керек.

Анткени, азыр өкмөт үчүн да президент жооп берет. Президенттин айтканын министрлер кабинети аткарат. Өкмөт мүчөлөрү ишин илгерилете албаса президент кызматтан кетирет. Парламент да президент айткан мыйзамдарды кабыл алып берет.

Кабыл албаса алар менен иштөөнүн башка жолдорун колдонот. Ошондуктан, биз мурунку системадан, бүгүнкү системага өткөнүбүздүн эң негизгиси баарына бир киши тагыраагы,  президент жооп берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости