www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-июлда Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Андемин айылынын жашоочулары, этникалык кыргыздар талибдерден коркуп Тажикстандын аймагына кире качышканын «Ховар» маалымат агенттиги Чек ара кызматына таянып жазды. Маалыматка караганда, 77 ооганстандык кыргызды тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам Тажикстандын аймагына киргизишкен.

Учурда качкындар Мургаб районуна жайгаштырылды. Ооганстандык кыргыздар мал жандыктарын айдай келишкен. Качкындар менен кошо 1000дей майда жандык, 300 топоз, үч төө жана отуз жылкы кирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тактап жатканын билдирди.

Соңку жумаларда «Талибан» кыймылы Ооганстандын үчтөн бир бөлүгүн, анын ичинде Тажикстан менен чектешкен аймактарды өз карамагына алышкан. Буга чейин ооган өкмөтүнүн миңдей аскери Тажикстандын аймагына өтө качкан. Расмий Дүйшөмбү чек арага кошумча 20 миңдей аскер тартылганын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости