www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина 48 саат ичинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) мүчө өлкөлөрдүн жана Орусиянын өкүлөрдү менен жолугушууну сурады. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Twitter баракчасына жазды.

Сунуш 2011-жылдагы коопсуздук жана ишенимди бекемдөө чаралары жөнүндө эл аралык келишимдин алкагында жасалды. Киев Москвага жазган катына расмий жооп албагандыктан ушундай кадамга барганын белгиледи.

"Орусия Вена документи боюнча сурообузга жооп берген жок. Биз кийинки кадамыбызды жасап жатабыз. Украина Орусия жана ЕККУга мүчө бардык өлкөлөрдү 48 саат ичинде жолугушууга чакырып, Москвадан чек арабызга жакын жерлерде жана убактылуу оккупацияланган Крымда аскерлерин көбөйткөнүнүн себебин сурайбыз”, - деди Кулеба.

ЕККУга мүчө өлкөлөр Вена документине 2011-жылы кой койгон. Тараптар аскердик түзүмдөрүнүн жайгашуусу, алардын санынын көбөйүшү жана мунун максаты тууралуу бири-бирине маалымат берип турууга тийиш.

Бул арада Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Жо Байден менен “жакынкы сааттарда” телефондон сүйлөшө турганын украин президентинин кеңсеси 13-февралда билдирген.

Батыш өлкөлөрү Москва Киевге каршы согуштук аракеттерди башташы мүмкүн деген кооптонууга байланыштуу өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө үндөп жатат.

Последние новости