www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Памир Муратов эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев билдирди.
Анын айтымында, жамаат менен жолугушуу 14-февраль күнү эртең менен болгон. «Жаңы башкы дарыгердин милдетин аткаруучу бүгүн дайындалып, коллективге тааныштырылды. Сабырбек Жумабеков кетти», - деди ал.
Бейшеналиев 4-февралда - Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлгөнүн билдирген. Сабырбек Жумабеков борбордун директорлук кызматынан бошотулуп, жаңы түзүлгөн оорукананын директорунун милдетин аткаруучу болуп Гулия Кожокматова дайындалган.
Бирок кийин Саламаттык сактоо министрлиги 4-февралдагы буйрукка өзгөртүү киргизип, директорлук кызматты жойду. Тез жардам ооруканасын башкы дарыгер жетектейт. Буга чейин бул кызматка Дамир Дүйшөнов дайындалган.
11-февралда Сабырбек Жумабеков президент менен жолугушканын айтып, акыркы чечимди өлкө башчысы кабыл алаарын билдирген. Президенттин басма сөз кызматы расмий түрдө жолугушуу тууралуу комментарий берген жок.
Булак: NazarNews.kg