www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киевде тажик жаранына ок тийди

Киевде тажик жаранына ок тийди. Бул тууралуу 10-мартта Тажикстандын Украинадагы элчилиги кабарлады.

22 жаштагы Н.Ж. аттуу мигрант 9-мартка караган түнү коменданттык саат учурунда көчөгө чыккан кезде атышууга кабылып, бутуна ок тийген.

"Азыр мен ооруканада жатам. Бутума операция жасалды. Дарыгерлер азыр турганга уруксат бербей жатышат", - деди ал.

Киевдеги тажик элчиси Давлатали Назризода ооруканага барып, жарадар болгон мигрантка кирип чыккан жана ага көмөк көрсөтүлөрүн билдирген.

Орусиянын Украинага каршы аскердик чабуулуна байланыштуу Киевде 24-февралдан бери кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

"Мен Украинадагы бардык тажикстандыктардан коменданттык саат учурунда үйдө отурууну сурайм. Эч ким коопсуздукка кепилдик бербейт. Аскердик эрежени катуу сактоону сурайм",- деп билдирди Украинадагы тажик элчиси.

Расмий маалыматка караганда, Орусия Украина аймагына чабуул жасаганга чейин өлкөдө төрт миңдей тажикстандык болгон, алардын ичинен 101и студент экени айтылган. Соңку эки аптада 1400дөй тажикстандык Польша жана Молдовадан башпаанек тапкан.

Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген.

Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости