www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мен ишенгим келбейт жана ишенбейм», - деди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өзөктүк согуш чыгып кетиши мүмкүнбү деген суроого.
Бул тууралуу ал Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди.
«Украинада акыркы жылдарда болуп жаткан жана акыркы айларда жана жумаларда курчуп кеткен окуялардын контекстинде өзөктүк тема бул дискурска Батыш өкүлдөрү, биринчи кезекте НАТО тарабынан гана айтылып жатканына көңүлүңүздү бурам», -деди ал.
Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген.
Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды.
Ал эми БУУнун маалыматы боюнча согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам чыгып кетти.
Булак: NazarNews.kg