www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын башчысы Владимир Зеленский Орусия менен тирешүүдө өз өлкөсүн тобокелге салып жатканын КЭДР лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Чонг эскертти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Украин бийликтери Батыш өнөктөштөрүнөн Украинанын Куралдуу күчтөрүн оор техникалар, учактар, суу астында жүрүүчү кайыктар жана ал тургай өзөктүк курал менен камсыздоону талап кылып жатканы белгиленген.

Ким Ё Чжон украин бийликтеринин мындай билдирүүлөрү, тактикалык өзөктүк куралга ээ болуу каалоосу ашыкча саясий амбициялар менен түшүндүрүлөт деп билдирди.  

“Зеленский "АКШнын өзөктүк кол чатыры" Украинаны коргойт деп жаңылып жатат”,-деп баса белгиледи КЭДР башчысынын карындашы.

Буга чейин Ким Ё Чжон Батыш өлкөлөрүнүн Украинанын Куралдуу күчтөрүнө негизги танктардын берилишин сындаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости