www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким жеңет: Ташиевби же коррупционерлерби?

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "коррупционерлерди түп тамырынан жок кылам, же алар мени жеңет, башка жол жок" деген кайрылуу жасап, "бандиттер, каракчылар, бирөөнүн мүлкүнө көз арткандар, контрабандисттер, мамлекетти алдаган шылуундар түп-тамырыңар менен мыйзам чегинде жок кылынасыңар" деген катуу эскертүү жасады. 

Ташиев өз билдирүүсүндө:
"Биринчи этап эми гана бүттү, биз ойлогондой оңой болгон жок, эки-үч ай, ашып кетсе 6 айда дегенбиз, а бирок, 2,5 жылга созулду, өтө көп эмгекти, өжөрлүктү, чынчылдыкты жана чыдамкайлыкты жумшадык.

Экинчи этапты баштоо алдында турабыз, бул этаптын алкагында мыйзам чегинде жазаларды максималдуу колдонобуз, буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен жеңилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы баардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз," - деп белгилеп, экинчи этап 1-1,5 жылга созулушу мүмкүндүгүн айтып, "баарыбыздын убактыбыз өтүп жатат, а меники өтө аз калды, үлгүрүшүбүз керек", - жар салды. 

Учурда Ташиевдин күтүлбөгөн чукул кайрылуусу коомчулукта ар кандай өңүттө кызуу талкууланып жатат.

Өзгөчө анын "убактым аз калды, үлгүрүшүбүз керек", - деген табышмактуу сөзүнө маани бергендер, эмне себептен мындай сөз айтылганы боюнча өздөрүнүн жоромолдорун айта башташты.

Айрымдар, "Ташиев ден соолугу, саламаттыгы начарлап кеткен эмес беле дешип бүшүркөшсө, кээ билери жакында кызматтан алынышы мүмкүн окшойт" дегендер да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости