www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1.ФЛОЙТ МЭЙУЭЗЕР – $1 200 000 000

Бул легендарлуу мушкердин каймана аты “Мистер акча” деп коюшат. Ал рингдеги 50 мелдешке катышып, баарын жеңип алган. Бир гана мисалы, Мэнни Пакьяо менен болгон таймаштан 180 000 000 $ алган.

2. ЖОРДЖ ФОРМАН – $230 000 000

Мурдагы профессионал боксчу Жордж Форман бардык кирешелерин рингден тапкан. Андан кийин ишкерлик кылып, китеп да жазган.

3. МЭННИ ПАКЬЯО – $200 000 000

Легендарлуу филиппиндик мушкер кайрымдуулук иштери менен өлкөсүндө бааланат. Ал эми рингде эң мыкты бокчу жана эң бай спортчулардын катарын толуктап турат.

4. ОСКАР ДЕ ЛА ХОЙЯ – $200 000 000

1992-жылдагы Олимпиада оюндарынын чемпиону катуу соккусу жана тырышчаактыгы менен ааламга атагы чыккан. Анын каймана аты “Алтын бала” болгон.


5. ЛЕННОКС ЛЬЮИС – $130 000 000

Британдык бокчу Леннокс Льюис Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү анан эсеп куржунунда 41 жеңиши бар.

Булак: Zaman.tv

Последние новости