www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кудайдын кулагы сүйүнсүн дейт кыргызда. Кечээтен бери президентибиздин Германиядагы ийгиликтүү иш сапары жөнүндө айтылып жатат. Бир миллиард евролук келишимдер, албетте, кубандырат деген пикири Азамат Омош жазып чыкты.

Ал: Тилекке каршы бүгүнкү система, "эл жакшыларынын" бүгүнкү составы менен экономикада чоң секирик жасап жиберүү өтө кыйын. Төрөтканадан көрүстөнгө чейин коррупциянын сазына батып калганбыз. Сырттан инвестиция тартаардан мурун ушул чырмооктой чырмалган коррупциянын тамырына балта чапсак го, анда эч кандай Германия, Япония, АКШ, Орусиясыз эле өзүбүздүн сыртта жүрүп, бутуна туруп калган мекендештерибиз Кыргызстандын экономикасына миллиарддаган доллар инвестиция салышмак. Бирок салышпайт. Анткени бүгүнкү башкаруу системасына (президентке же өкмөткө эмес. Анткени өкмөт да, президент да келип кетчү адамдар) эч бир Кыргызстандык ишенбейт. Анткени бизде 1993-жылдагы биринчи Конституцияны эсепке албасак, азыр чыныгы мамлекеттик, элдик Конституция жок. Ооба, Конституция бар дечи, ал акаевдик, анан текебаевдик, азыркысы атамбаевдик Конституция экенин билебиз да. Демек, биз экономикага эмес, оболу башкаруу системасына "инвестиция" тартышыбыз керек эмес бекен?, деп кошумчалаган Азамат Омош.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости