www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кишинев шаарындагы аэропортто эки адамды атып салган Рустам Ашуров жети жыл Тажикстандын Ички иштер министрлигинин түзүмдөрүндө иштеп, “кылмыштуу аракеттери жана жоруктары үчүн” кызматынан бошотулган.
Бул тууралуу 3-июлдагы брифингде Молдованын Ички иштер министрлигинин Башкы полиция инспекциясынын башчысы Виорел Чернеутеану билдирди.
Башкы полициячынын айтымында, Рустам Ашуров эл аралык маалымат базасында болгон эмес жана алгач өзүн тынч алып жүргөн.
"Ошол себептен ал аэропорттун коопсуздук кызматкерлери менен чек арачылардын арасында өзгөчө шектенүүлөрдү жараткан эмес", - деди ал.
Тажик бийлиги 30-июнда Молдовада банкир Шухрат Исматуллоевди уурдоого шектелип жаткандардын бири – 43 жаштагы Рустам Ашуров кармалганын жана ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин билдирген. Ал Түркия аркылуу Молдовага учуп барып, Европа өлкөлөрүндө жашырынууну көздөгөн. Ашуров Кишинев аэропортунда чек ара полициясынын жана аэропорттун коопсуздук кызматынын өкүлүн атып өлтүргөн, бир адам жарадар болгон. Колго түшүрүү маалында Ашуров оор жаракат алып, учурда эс-учуна келе электини айтылууда.
Булак: NazarNews.kg