www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Титан» суу астында жүрүүчү кеменин экипажы батареянын кубатын үнөмдөө үчүн караңгылыкта суу астына түшкөн. Ошол эле учурда жүргүнчүлөр сүйүктүү музыкасын угуп, жаркыраган жөндөмдүүлүгү бар жандыктарга байкоо жүргүзүүгө аргасыз болушкан. Бул тууралуу маалымат каражаттарына аталган батискафта каза болгон пакистандык миллиардердин жубайы Кристин Давуд билдирди.

Аялдын айтымында, анын күйөөсү ишкер Шахзада Давуд менен уулу Сулейман аталган экспедицияга рейс кармалып жаткандыктан кечигип калышы мүмкүн болгон. Бирок, алар убагында келишкен. Сууга түшөр алдында илимий сүйлөшүүлөр жана "Титаниктин" сыныктары жана экспедиция тууралуу талкуулар менен брифингдер өткөрүлгөн.

Экипаж мүчөлөрү калың байпак жана баш кийим кийүү керек болгон, анткени тереңдикте алар үшүп калмак. Ошондой эле, майы аз тамак ичүү жана эртең менен кофеден баш тартуу, телефондоруна сүйүктүү музыкасын жүктөп алуу сунушталган. Андан соң экспедиция мүчөлөрүнө суу астына түшүү толугу менен караңгылыкта жүргүзүлөрү жана жаркыроо жөндөмдүүлүгүнө ээ жандыктарды байкоого мүмкүн экендиги эскертилген.

Кристин Давуд The ​​New York Times гезитине берген маегинде анын күйөөсү алдыдагы сапарга абдан толкунданып, суктанганын айткан.

Эскерте кетсек, суу астындагы экспедициянын мүчөлөрү 18-июнда таңкы саат 8де "Титаниктин" урандыларына сүңгүүнү башташкан. Сууга түшкөндөн бир саат 45 мүнөт өткөндөн кийин алар менен байланыш үзүлгөн. Массалык издөө операциясы башталып, америкалык жана канадалык кемелер жана учактар, ошондой эле, Франциянын океанографиялык изилдөө институтунун кемеси тартылган.

22-июнда Титаниктен 1600 фут алыстыкта ​​деңиз түбүндө батискафтын сыныктары табылган. Экипаждын беш мүчөсү тең каза болгон. Эксперттер кырсыктын себептерин тактоо иштерин улантышууда.

Америкалык OceanGate Expeditions компаниясына таандык аппараттын бортунда анын негиздөөчүсү Стоктон Раш, британиялык миллиардер Хамиш Хардинг, пакистандык ишкер Шахзада Давуд жана анын уулу Сулейман жана франциялык деңиз изилдөөчүсү Пол-Анри Нарджолле болгон.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости