www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйөөм көзүмө чөп салып, карганып, жол кырсыгына кабылды...

Турмушта ар кандай оош-кыйыш окуялар орун алып турат экен. Мен да жашоомдо оор, бирок кызыктай жагдайга туш болуп, Жаратканымдын биздин ар бир кетирген катачылыктарыбызды көрүп турарына ишендим. 

Жакында эле көз жарып, уулум бир айга толо элек кезинде негедир күйөөмдүн жүрүш-турушу өзгөрүп, башка айымдарга азгырылып жүргөнүн байкадым. Убакыт таап, “менин көзүмө чөп салып жүрөт окшойсуң” десем, “жок” деп эч мойнуна албай койду. “Кудай урсун дечи” десем, “Кудай урсун!” деп карганып да жиберди. Бирок ошол күнү жол кырсыгына учурап, катуу жаракат алды.

Ошондон бери негедир көзүн ала качып, мени карагандан жалтанат. Ансыз да кыйналып турган күйөөмө кайрадан бул теманы козгогонум жок. Бир чети каргантканыма өзүм өкүнүп калдым. Балким айрымдар үчүн сабак болор, жөнү жок карганбагыла! Баарын Жаратканым карап турат!

Булак: Азия News гезити

Последние новости