www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа жана Кошмо Штаттарда баага чек коюлгандан кийин мунайдын наркы арзандайт деп үмүттөнүшкөн. Анткен менен талдоочулар таңсыктык жараларын болжоодо.
Рынокто тең салмактуулук жоголгону эмитен эле сезилип, сунуш азайып, эң оболу Кытай тараптан суроо-талап жогорулап барат. Мунай наркынын азыркы жагдайына Наталья Дембинская токтолуп, макаласын РИА Новости сайтына жарыялаган.
Ири инвестициялык банктардын эксперттеринин пикиринде, сырье арзандабастан, баррелине 110 долларга чамалайт. Деңиз аркылуу россиялык мунайды ташууга 5-декабрдан тарта тыюу салынат. Мындан тышкары, Европа биримдиги, "Чоң жетилик" жана Австралия мунайдын баррелине 60 доллар деп чек койгон. Бул тармактагы оош-кыйыштардан улам Москва мунай нугун Индия, Кытай жана Түркияга бурган.
Маңызында Батышты россиялык энергетикалык ресурстар менен камсыздоону толук токтотууда артка эсеп башталган. ОПЕК+ рыноктук механизмдерге түз саясий кийлигишүүлөргө катуу тынчсызданууда. Анткен менен талдоочулар Москванын мындан утулбай турганын белгилешет. Атап айтканда, Россия Европа биримдигине бериле турган сырье, анын ичинде бөлөк өлкөлөрдөн ташуу үчүн кошумча акы талап кыла алат.
Европалыктар таңсыктыкты АКШ, Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыштан импорттоо менен толуктоого тырышууда. Бирок мунай менен камсыздоочулардын эч бири ЕБ рыногу үчүн кен казууну дароо жогорулата албайт.
Бааны чектеген демилгечилердин өздөрү да пландарынан майнап чыкпай турганын түшүнүшөт. Бул биржа бааларына таасир этпей турганын Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникация боюнча координатору Жон Кирби да моюнга алат.
"Амалкөй жүрүштөргө карабастан "Чоң жетиликтин" мындай аракеттери россиялык кирешени төмөндөтөрү ырас. Ошол эле учурда дүйнөлүк энергетикалык рынокторду бир топ чайпалтат", — деп белгилейт The National Interest. Бул Батышты олуттуу кесепеттерге кептейт. Анан, албетте, мунай кымбаттайт. Goldman Sachs алгачкы кварталда мунайдын баррели – 90 доллар, экинчисинде — 95 долларга чыккан.
Bank of America Brent үлгүсү экинчи жарым жылдыкта 110 долларга чыгарын жоромолдоодо. Көп нерсе Кытай менен Индиянын суроо-талабына жараша болмокчу. Ал эми дүйнөлүк рыноктогу көрүнүштөрдүн баары суроо-талап өсөрүнөн коңгуроо кагат.
"Россияга каршы санкциялар, запастын төмөн деңгээли, Кытай экономикасынын ачылышы жана суроо-талап чабалдай түшсө ОПЕКтин кен казууну азайтууга даярдыгы энергетикалык ресурстардын наркын жогору кармап турат", — деп айтылат банктын отчетунда.
ОПЕК+ өлкөлөрү 4-декабрдагы жолугушуусунда суткасына өндүрүш көлөмүн эки миллион баррелге азайтуу чечимин күчүндө калтырышты. Bank of America талдоочуларынын баамында 2023-жылы мунай картели өз саясатын катаалдатат. Бул АКШ, Европа биримдиги жана башка импортчуларга оңтойлуу жагдай болбогону менен Москва ал өңдүү негизги маанилүү экспортчулардын кызыкчылыктарына толук жооп берери бышык. Мунай сатуучулар Россиядан келген энергетикалык ресурстардын эң ири керектөөчүсү болгон Европа биримдигинин ордун Индия менен Кытай басарын боолголойт.
Жакында эле Пекин COVID-19га байланыштуу саясатына кескин өзгөртүүлөрдү жар салды. Тестирлөө талаптарын, сапарга чыгууларга киргизилген чектөөлөрдү кыйла жумшартты. Демек, Кытайда эми керектөөлөр көбөйүп, суроо-талап өсөт.
Европа биримдигинде башынан эле "энергетикалык таңсыктык" бар. Азия жана европалык рыноктордун ортосундагы атаандаштык күч алат. Ал эми бул баанын төмөндөшүн дегеле өбөлгөлөй албайт.
Тармактагылар россиялык "көмүскө флоттун" кеңейиши жөнүндө айтышат. Алардын айтымында, компаниялар токтотулган танкерлерин ишке кайтарып, ал эми Европа биримдигиндеги кеме кожоюндары активдерин башка операторлорго өткөрүп жатышкан имиш.
Financial Times басылмасы акыркы аптада Россиядан экспорттоонун көлөмү өскөнүн, тагыраак, танкерлер порттордон Азияга күнүнө 3,5 миллион баррель (500 миңге көп – 16 пайыз) ташып чыкканын маалымдайт. Жалпы көрсөткүч жарым жылдык максимумду түзөт. Бирок РФ Мамлекеттик Думасынын эл аралык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Алексей Чепа Россияга "көмүскө флоттун" зарылдыгы жоктугун айтты. Сатып алуучулар ансыз деле арбын. "Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн көпчүлүгүнө санкция салынганына бир топ болгон. Бүгүн бул – чоң көйгөй", — деп түшүндүрөт Чепа.
Жоготуулар, албетте, болбой койбойт. Сырьедон түшкөн киреше ноябрда эле төмөндөй баштаган. Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматына таянсак, россиялык ишканалар октябрга караганда 700 миллионго аз, тагыраак, 15,8 миллиард доллар тапкан. РФ Каржы министрлиги ноябрда өлкө мунай жана көгүлтүр отту сатуудан пландалгандан 90 миллиард рублге азыраак пайда көргөн. Анткен менен министр Антон Силуанов баа чегинин бюджетке таасирин баалоого азырынча эртелик кыларын, себеби Москвага буга сөзсүз чара көрөрүн билдирди. Кандай болгон күндө да Европа биримдиги менен Кошмо Штаттар ойлогондой, күткөндөй болбойт.
"Европалык расмий өкүлдөр россиялык аскердик машинанын айласын түгөтүүнү олуттуу түрдө талкуулашканы маалым. Чындыгында Кремль өндүрүштү кескин кыскартып, рынокту кыйратуусуна жол бербөө үчүн болгон күчүн жумшаган", — деп белгилейт Bloomberg. Азырынча жооп иретиндеги чара көрүлө элек. Бирок мунайдын негизги бөлүгү Кытай менен Индияга жөнөтүлөт. Азиялык рыноктон да европалыктарга шыбага тийип калгысы бардыр, бирок ого эле кымбат баада сатылары айдан ачык.
Булак: NazarNews.kg