www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын жашоочусу аялы iPhone 15 Pro Max сатып алууну талап кылгандыктан ажырашып кеткен. Бул тууралуу Thaiger басылмасы билдирди.
Маалыматка караганда, баласы мурунку смартфону бузулуп калган атасына акыркы үлгүдөгү iPhone сатып берген. Муну билген аялы ызы-чуу салган. Аялдын айтымында, күйөөсү алгач жаңы телефонду ага алып бериши керек. Ал улгайган адамга кымбат смартфон сатып алуу чечимин ысырапкорлук деп атап, аялын сүйөрүн билдирип iPhone 15 белек кылган эркектердин сүрөттөрүн көрсөткөн.
Аялдын реакциясы эркекти аябай капа кылган. Себеби буга чейин ал аялына жыл сайын жаңы телефон алып берген. Ошондой эле атасына жакшы мамиле кылбай, карабай жатканын байкаган. Мындан улам ал ажырашууну чечкен.
Аял ажырашкысы келбей турганын, акчасы жана бара турган жери жок экенин билдирген. Бирок күйөөсү өз чечиминен кайтпай, аны сотко берем деп коркуткан. Жолдошу телефон аркылуу чыккан чыр-чатакка ыраазы экенин моюнга алган. Анын айтымында, чыр-чатак учурунда аялынын чыныгы жүзүн көрүп, мындан ары аны менен жашагысы келбей турганын түшүнгөн.
Булак: NazarNews.kg