www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов менен биргеликте Көк-Арт дарыясын жана анын жээгин бойлой курулуп жаткан узундугу 9 чакырымды түзгөн альтернативдик жолдун курулушун текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жолдун курулушу белгиленген талаптарга толук жооп бербей жатканы аныкталып, сел жүрүү коркунучу жогору экени белгиленди. Натыйжада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тиешелүү эскертмелер берилип, курулуш иштерин убактылуу токтотуп туруу боюнча тапшырма коюлду.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын башында шаар аймагына кирүүчү негизги жолдордогу унаа тыгындарынын алдын алуу жана айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында Көк-Арт дарыясынын жээгин бойлой Ош-Бишкек жолу менен Благовещенка жолун бириктирген жаңы жол салуу иштери башталган болчу.