www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти болуп Рамис Жунусалиев шайланды. Бул тууралуу чечим кечээ уюмдун жыйынында кабыл алынган.
Рамис Жунусалиев «Сары-Өзөн» командасынын жетекчиси, федерациянын вице-президентинин милдетин аткарып келген.
Федерацияны эки жыл башкарган Талас Бегалиев өз калоосу менен ордун тапшырып берди.
Эскерте кетсек, 31-августта Ош облусунда көк бөрүнүн жогорку лигасынын финалында «Достук» жана «Ынтымак» командалары ойноп, «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Оюндан кийин калыстардын ишине нааразы болгон күйөрмандар тополоң чыгарган.
Бул окуядан кийин облустук милиция билдиргендей бейбаштык жасаган делип ондогон адам кармалып, милицияга жеткирилген. Алардын ичинен 5 адамга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгону кабарланган. Дагы 27 кишиге Укук бузуулар кодексинин 126-берене (майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлгөнү айтылган.
Булак: NazarNews.kg