www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова Конституциялык палатага кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-октябрда журналисттерге билдирди.

Маалыматка ылайык, кайрылууда Жогорку Кеңештин регламентинин 10-беренесинин 8-пунктуна көңүл бурбагандыгын көрсөтүлүп, ал Конституциялык палатага кечээ күнү жөнөтүлгөн.

“Жол-жобого ылайык, ал үч судьядан турган коллегияга өткөрүлүп берилиши керек, ал 30 күндүн ичинде аны карап чыгуу керекпи же жокпу деген чечим чыгарат. Иш жүзүндө, алар ыңгайсыз арызды карабай коюшу мүмкүн. Ал жерде баары кандай иштээрин билгендиктен, палатадан үмүтүм аз” – дейт ал.

Мындан тышкары, ал азыркы бийлик башындагылардын башында хаос болуп жатканын кошумчалады.

“Алардын иш-аракеттери таптакыр күтүүсүз жана башаламан болгондуктан, эртең эмне болоорун билбейбиз. Биз эл аралык изоляцияга кабылышыбыз мүмкүн. Парламенттик шайлоону өз убагында өткөрүү маанилүү” – дейт Сооронкулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости