www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ТЭЦинде эч кандай авария болгон жок. Бул тууралуу ишкананын директору Андрей Воропаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, биринчи подстанциянын коргонуучу системасы иштеп кеткен.

"Кабатыр болууга эч кандай негиз жок. Авариялык коргонуучу система иштеп кеткендиктен ТЭЦтен буу чыкты. Ал түтүн эмес. Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Буу казан жарылып кетпеши үчүн бууну чыгарып салды", — деди Воропаев.

Ал ошондой эле учурда калыбына келтирүү иштери 75 пайызга аяктап калганын, бир сааттын ичинде баары жайында болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости