www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги Марлен Маматалиев менен Аида Исмаилованын депутаттардын сынына кабылганы боюнча баарлаштык.

-Марлен мырза, неге Аида Исмаилованы туш-тараптан сындап, ишеним көрсөтпөй койдуңар?

-Аида Исмаилова вице-премьерлик кызматка биздин фракциянын  квотасынан барган. Ал кызматка кетип жатканда “эл үчүн иштейм, шайлоого барбайм” деп сөз берген. Коронавирустун экинчи толкуну болоорун билип туруп, жоопкерчиликти унутуп, берген убадаларын эстен чыгарып, бизди эле эмес элди кошо алдап, шайлоого кетип калды.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкер катары жөнөкөй эле суроолорго да жооп бере алган жок. Ал турсун өзү жетектей турган министрликтин атын да толук атай албай көпчүлүк депутаттардын кыжырын келтирди. Кыскасы, өзү жетектей турган министрликтин атын да толук атай албаганы ишти жөндөп кетээринен шек санатты.   

-Ал вице-премьер министр катары кандай иштеди?

-Вице-премьерлик ишинен деле жарытылуу жыйынтык чыгара алган жок. Оор мезгилде бир канча врачтарды жумуштан кетирип, интригадан башы чыккан жок. Илдеттен каза болгон 1500 адам боюнча маралдык жоопкерчилик тартканды кой, врачтарды түйшөлткөн, жагымсыз жагдай жараткан иштери арбын болду. Мына ушул маселенин баарын эске алып, депутаттар ишеним көрсөтпөй коюшту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости