www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Клара Сооронкулова камакта калды

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын баш коргоо чарасы каралып, сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

«Булар Кемпир -Абад келишимин чечип алалы дешкен. Чечилди, бизди камактан чыгарыш керек болчу. Бирок моролдык басым кылып, экинчи ооз ачкыс кылалы деп жатышат. №1 тергөө абагында начальниги «биз силерди тарбиялап жатабыз» деп ачык эле айтып жатышат», - деди ал.

Бишкекте 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

ИИМ бул адамдарды массалык тополоң уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Бишкектин Биринчи май райондук соту башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Алар соттун чечимине нааразы болуп ачкачылык жарыялашкан.

Саясатчы, активисттер Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости