www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө түндө мыйзамсыз балык уулоого чыккан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-ноябрда түндө милиция кызматкерлери Түп айылынын түштүк тарабындагы көл жээгинен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жарандарды кармоого аракет кылышкан. Браконьерлер аларды байкап калып, окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылышкан. Ыкчам аракеттердин натыйжасында алардын бири 1985-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран кармалган.
Көлдөн алынган браконьердин мыйзамсыз торунан болжол менен 80 балык табылып, үч синтетикалык балык уулоочу тор алынган.
Мындан тышкары, А.Ч.нын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, дагы эки синтетикалык тор табылган.
Натыйжада мамлекетке 70 мин 700 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.