www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктардын жүрүшү, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында эл аралык өнөктөштөр менен өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Шайназаров Кыргызстан эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусуна ачык экенин белгиледи. 24-ноябрга карата БШК 58 мамлекеттен 770 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.

Өз кезегинде Реми Дюфло Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорго ЕБден алты байкоочу катышарын маалымдады. Ал аралыктан добуш берүүнү уюштуруу тартибине, талапкерлер менен иштөөдө белгиленген процедураларды сактоо жаатына, үгүт маалында мыйзамда каралган чаралардын колдонушуна, ошондой эле талапкерлердин жыныстык жана этностук өкүлчүлүгүнө кызыгуу билдирди.

Бардык суроолор боюнча Тынчтык Шайназаров кеңири жана толук маалымат берди.

Ошондой эле чет өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандарынын добуш берүүсүнүн өзгөчөлүктөрү жана аларды өз убагында маалымдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы шайлоодо колдонулуучу аралыктан добуш берүүнүн жаңы шайлоо жабдуулары да салттуу түрдө көрсөтүлдү.

Последние новости