www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) такси кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, такси айдоочуларына лицензия берүү тартибин катаалдатуу маселесин талкуулады.

ЖКККББ маалыматында, лицензиялоо системасын киргизүү айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого жардам берет. Буга чейин айрым айдоочулардын тажрыйбасынын аздыгы, көзөмөлдүн жетишсиздиги жана чарчаган абалда унаа башкаруусу кырсыктардын көбөйүшүнө алып келген. Ошондой эле техникалык талаптарга жооп бербеген унаалар да кошумча тобокелдик жараткан.

Жолугушууда айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, автоунааларды техникалык жактан тыкыр кароо жана лицензиялоо талаптарын аткаруу зарылдыгы эскертилди.

Башкармалык бардык керектүү документтер тапшырылгандан кийин такси кызматтарына лицензия берүү ЖКККББнын бардык аймактык бөлүмдөрүндө расмий тартипте жүргүзүлөрүн билдирди.

Последние новости