www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы жана 2016-жылы президенттикке талапкер болгон Хиллари Клинтон 2024-жылы жогорку кызматка ат салышуу планы жок экенин билдирди. Сындай чечимин ал өзүнүн чечимин Financial Times гезитине берген маегинде билдирди.

Америкалык саясатчы басылмага берген маегинде: "Бул тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес", - деди.

Клинтон ошондой эле, азыркы мамлекет башчысы Джо Байденди Демократиялык партиядан жана республикачы Дональд Трампты шайлоого катышат деген пикирин айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин маалымат булактарына таянуу менен CNN телеканалы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын президенттик шайлоого катышарын жарыялоо боюнча жакынкы пландары тууралуу кабарлаган.

Ал эми АКШнын азыркы президенти Джо Байдендин 2024-жылы өтө турган шайлоодо экинчи мөөнөткө талапкер болуу ниети бар экенин айткан.

Эске салсак, 2020-жылы 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өткөн. Ага республикачыл Дональд Трамп жана демократтардын атынан Джо Байден катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости