www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Ата районундагы (Чүй облусу) Такыр-Төрдүн аймагына жакын жайгашкан куткаруучулар тоонун башында күнү-түнү байкоо жүргүзүп жатат, учурда анын жырылып кетүү кооптуулугу бар. Бул туурасында ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев билдирди.
Ал кечээ жумушчу топ Улуттук академиянын илимий институтунун адистери менен аймакка учуп барып, карап, изилдөөлөрүн жүргүзүп жатканын айтты.
Сандар менен айтсак, суунун көлөмү башында 500 миң куб болсо, азыр анын 300 миңдейи калган. Сакыев суу болжол менен үч кубдан алты кубга чейин агып чыгып жатканын белгиледи.
"Учурда кооптуулук сакталып турат. Көлдүн астындагы, жер алдындагы каналдары ачык, суу кичинеден агып жатат. Ал каналдар жабылып, көл толуп, нугу жырылып кетүү кооптуулугу да бар. Куткаруучулар күнү-түнү байкап турмакчы", — деди Сакыев.
Эске салсак, 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Тоо көлүнүн ташкыны Алмалуу жана Кебек бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үй) жайгаштырылган. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган эмес. Кечээ Такыр-Төр көлүнөн коркунуч жаралган аймактарга өзгөчө кырдаал режими киргизилгени айтылган.