www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мексикада 381 адамдын сөөгү табылды

Мексиканын Сьюдад-Хуарес шаарында жайгашкан мурунку крематорийден 381 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу La Jornada гезитине жарыяланганын Известия агенттиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, крематорий мурда жергиликтүү агенттиктерге кызмат көрсөтүп келген. Бирок, ал жерде маркумдардын денелери кремация кылынбай, туугандарына башка адамдардын күлү берилип жүргөндүгүн тергөө иштери көргөзгөн.

Мунун негизинде кармалган мекеменин ээси менен бир кызматкерге адам сөөгүнө туура эмес мамиле жасоо, санитардык эрежелерди бузуу, уруксаты жок көмүү жана алдамчылык беренелери боюнча айып тагылды.

Тергөөчүлөр эми крематорий менен иштешкен башка агенттиктерди да текшерип жатышат деп айтылат маалыматта.

Последние новости