www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери сууга чөгүп кеткен төрт жашар Айша Мурдинованын сөөгүн табуу үчүн бардык аракеттерди көрүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Фейсбукта түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, баланын сөөгүн тик учак менен издөө натыйжасыз.

«Албетте, бул чоң трагедия. Бирок, вертолет менен кыздын сөөгүн издөө - жөн гана акчаны текке кетирүү. Колубуздан келгендин баарын жасадык. Издөө иштерине дрондор тартылды, акваторияны сканерлеп, балык уулоочу торлорду чыгардык. Издөө иштери Балыкчыга чейин жүргүзүлүп, тилекке каршы кыз табылган жок», — деди Урматбек Шамырканов.

Эске салсак, кырсык 18-июлда Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосундагы жерде болгон. Дээрлик бир айдан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төрт жаштагы Айша Мурдинованын сөөгүн издөө иштери токтотулганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости