www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери, куткаруучу-суучул, лейтенант Аскар Казыбеков каза болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, баланы дарыядан издөө иштерин жүргүзүү маалында куткаруучу-суучул жаракат алган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга жана дарыгерлердин аракетине карабастан, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок.
Аскар Казыбеков 1994-жылы туулган. Маркумдун артында жубайы жана кызы калды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.
Эске салсак, 2026-жылдын 23-июнунда 2011-жылы туулган Т. уулу Б. аттуу бала Талас дарыясына түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери активдүү улантылып келген.