www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-9-июнь күндөрү Сочиде КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экинчи жаштар форуму өтөөрүн Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага жаш бизнесмендер, мамлекеттик кызматкерлер, студенттер жана демилгелүү жаштардын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. Форумдун негизги миссиясы жаштардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл алуу, ЕАЭБди мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат. Иш-чараны ЕЭК жана КМШ Аткаруу комитетинин колдоосу менен “Росмолодежь” уюштурууда.

Комиссиянын Жаштар кеңешинин төрагасы, ЕЭК протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков Евразия экономикалык биримдиги беш өлкөнүн интеграциялык бирикмеси экенин эске салды.

"Биздин биримдик экономикага гана негизделген динамикалуу өнүгүп жаткан жамаатка айланды. Биз төрт нерсени ишке ашырып жатабыз: капиталдын эркиндиги, кызмат көрсөтүүлөр, жумушчу күчтөрдүн жана товарлардын кыймылы. Жаштардын ишкердиги биз үчүн жаңы тема, биз дагы эле ал үчүн механизмдерди түзө элекпиз. Буга жакында Сочиде өтө турган форум жардам берет", — деди Турусбеков.

Ал ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович евразиялык интеграцияны өнүктүрүүдө жаштардын маанилүү ролун бир нече жолу белгилеп, жаштар форумдарынын маанилүүлүгүнө ишенимин билдиргенин эске салды.

Биринчи форум былтыр Ысык-Көлдө өткөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости