www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын геологдорун кесиптик майрамы менен куттуктады.

Кутуктоонун тексти:

“Урматтуу геологдор!

Ардактуу геология тармагынын ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Геологдор күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жергебиздин табигат берген байлыктарынын баарын изилдеп, Кыргызстандын суусу дары, таштары алтын экенин далилдеп, өнөр жай, айыл чарбасы жана башка тармактарына зарыл болгон табигый материалдардын запасын аныктоо менен, сиздер экономикабыздын пайдубалын курууга олуттуу салым коштуңуздар. Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөрдүн натыйжасында ишке кирген тоо кен ишканаларынан акыркы беш жылда мамлекеттик бюджетке 217,9 миллиард сомдон ашык салык жана жыйымдар түшкөн.

Сиздер миллиарддаган тонна көмүр, миллиондогон тонна нефть, миллиондогон кубометр газ кендерин таптыңыздар. Алтын, күмүш баштаган асыл баалуу кендердин тизмесин сымап, сурьма, калай, вольфрам, коргошун, цинк жана сейрек кездешүүчү бериллий, молибден менен улантууга болот. Цирконий, кобальт, титано-магнетит, торий кендери да жогору баага, зор кызыгууга ээ болуп, иштетиле турган өз убагын күтүүдө.

Курулушка зарыл таштар, чополор жана башка материалдардын кени мол болгону курулуш иштеринин темпи жогору болуп, ИДПга кошкон үлүшү да олуттуу болгонунун себеби.

Кыргыз геология кызматы 88 жылдан бери мазмундуу жана ийгиликтүү жолду басып өттү. 1938-жылы анын курамында 43 кызматкер болсо, азыркы мезгилде геология адистерин өзүбүздүн университет даярдап жатат. Кыргыз геология кызматынын биринчи кадамы атом өнөр жайынын чийки зат базасын түзүү болуп, улуу державалар ортосундагы тирешүүдө аздыр-көптүр роль ойногонун сыймыктануу менен эскере алабыз.

Жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Ардагерлерибизге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Сиздер тармактын бекем пайдубалын түптөп, баа жеткис тажрыйбаңыздарды кен изилдөөчүлөрдүн жаңы муунуна өткөрүп бердиңиздер.

Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда тармакты санариптештирүү, жаңы запастарды чалгындоо, жер казынасын рационалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максаттары турат.

Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун жетекчилиги астында Кумтөр баштаган кен байлыктарыбызды башкарууну өз колубузга алып, алардан түшкөн кирешелер кыйла көбөйүп, геологиялык изилдөөлөргө орчундуу каражаттар сарптала баштагандыктан бул максаттарды ишке ашыруу реалдуу.

Сиздерге чың ден соолук жана бакубат жашоо каалайм. Ишиңиздер жаңы илимий жетишкендиктер жана ири кендердин ачылыштары менен коштолсун.

Майрамыңыздар менен!

Геологдор күнү менен!”.

Последние новости