www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 2-май күнү, “Достук” мейманканасында Кыргызстандагы улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдиги –КУМКБ тарабынан түзүлгөн Туруктуу Элдик Кеңештин-ТЭКтин алгачкы отуруму болуп өттү. Бул тууралуу маалыматты Туруктуу Элдик Кеңеш-ТЭКтин катчылыгы билдирди. 

Анда уюштуруу маселеси каралып, ТЭКтин  Жобосу, башкаруу структурасы такталды, төрагасы болуп “Эл үнү” кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров, орун басарлары болуп Кадыр Кошалиев, жооптуу катчы болуп Айбек Бусурманкулов шайланды. Ар бир облуска координаторлор бекитилди.Эртең  3-май күнү  саат 11.00 дө“Демилге.KG” маалымат боборунда  пресс-конференция, 5-май Конституция күнү саат 10.00 дө “Достук” мейманканасында “Кыргыз элинин коом түзүү, эл башкаруу тажырыйбасы: Элдик Курултай жана  аксакалдар  институттары”-деген темада илимий-практикалык конференция болмокчу.

Элдик Курултайды - бийликтин да камчысын чапбай, оппозициянын да таасирине кирип кетпей омоктуу маселелерди элдин кызыкчылыгына ылайык орду менен калыс чече турган элдик жыйын катары мыйзамдаштыруунун зарылчылыгы бышып жетилди.

Булак: NazarNews.kg

  

 

Последние новости