www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-августта Бишкек шаарындагы 5-кичирайондо Кой - Ташта ок тийип каза болгон, маркум спецназ Үсөнбек Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Аза күтүү зыйнатына президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова,  УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдор келди. Мындан тышкары аскердин туугандары, кесиптештери катышууда.

Эске сала кетсек, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кеткен. 

Башкы прокуратура 7-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирген.

Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык башаламандык уюштургандарга Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин туткунга алышы да Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси ("Туткунга алуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин тизмесинен орун алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости