www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган жарандардын саны 80ге жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо минситрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Анын айтымында, 7-августта Кой-Таш айылында жабыркап, «Тез жардам» линиясы менен ооруканага түшкөндөрдүн саны 53. Дарыгерлер 21 кишиге жеринде жардам көрсөтүшкөн. Мунун алдында барымтадагы атайын кызматтын алты аскери коё берилген. Алардын саламаттыгын дарыгерлер текшерип жатат. Ушул тапта бир адам Чүй облустук ооруканасынын реанимациясында. Абалы орточо оор.

Дарыгерлер Травматология жана ортопедия борборунда жаткан Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалын өтө оор деп мүнөздөп жатышат. Ага эки жолу операция жасалды, азырынча эсине келе элек. Дагы бир күч органынын кызматкери алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Учурда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы болуп жатат, деп "Азаттык" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости