www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президентти кармоо учурунда, анын Кой-Таштагы менчигине ырайымсыздык мамиле кылган тартип сакчыларына нааразы болгон адамдардын арызы Башкы прокуратурага тапшырылды. Арызга 1700 адам кол койгон. Мындай билдирүүнү СДПК партиясынын штабы таратты.
Анда, Кылмыш кодексинин 138-беренеси (денеге оор жаракат келтирүү), 190-беренеси (турак жай кол тийбестигин бузуу), 150-берене (коркунучта калтыруу), 151-беренеси (жардам көрсөтпөө) жана 244-беренесин (барымтага алуу) эске алуу менен жазылган жарандардын арызын Башкы прократура бүгүн кабыл алгандыгы айтылат.
Ошондой эле арыздануучу тарап УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевди дагы жоопко тартууну талап кылышкан.
Булак: "NazarNews.kg"