www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендин элдик жигиттери көмүскө экономикага каршы туруп контрабандалык жол менен өтүп жаткан бензиндерди токтотуп, тыюу салып жатат. Милициянын алы кимге жетмек эле, ушундай көмүскө экономикага бут тосуп жаткан 10 жигитти кармашып, камап салганына жол болсун! Арийне, элдин үрөйүн байкаштыбы же жогору жактан «Тийбегиле» деген буйрук келдиби аларды камактан чыгарышты. Милиция контрабандага каршы күрөшпөй, контрабандага каршы күрөшүп жаткан жигиттерибизге тоскоол болуп жатат. Эгер Суваналиев чыныгы «Каттани» болгондо ал губернатор болуп турганда чыр алдында эч кимге айтпай Тажикстанга үч күн кирип кетпей, контрабандага биротоло тыюу салып салмак. Ал шопур мамлекеттик ишмер Илмияновго шылтоолоп коюп, өзү баш болуп көмүскө экономикага «крыша» болгон окшойт. Азыр жигиттердин аракети менен контрабанда басаңдап баратат. Эгер милиция алардын сөзүн сүйлөсө, биротоло жок болору бышык.
Ушул жигиттердин аракети менен Баткендин Лейлек районуна караштуу Кароол-Дөбө аймагынан Тажикстанга контрабандалык жол менен көмүр алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. SHACMAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу транспорттун таянганы чоң болсо керек булардын буйругуна баш ийбей, токтобостон жолун улаган. Мындан улам жигиттер чек арачыларга айтышып, алар артынан кууп, эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Натыйжада качып бара жаткан автоунаа капталына оодарылып кеткен. Кармалган Д.М. жана Б.А. Кыргызстандын жарандары экени аныкталды. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин колго түшкөн жарандар менен көмүр компетенттүү органдарга өткөрүп берилген.
Канткенде өлкөбүз көмүскө экономикадан чыгат?
Акыркы мезгилде УКМК сыяктуу күч органдары тарабынан көмүскө экономиканын кендири кесилип бараткандай. Арийне, күчтөн тышкары да көмүскө экономика менен алыстоонун жолу барбы? Салыктын коюлган пайызы жогору болгондо өлкөдөгү жөнөкөй жарандан баштап, бизнес чөйрөсүндөгү ишкерлер да тапкан пайдасын бекитип салыкты аз төлөгөнгө аракет кылышат. Биздин мамлекетте салыкты азайткан учурлар да кездешет. 2009 жылы өлкөбүздө кошумча салыктын пайысын (НДС) 20%дан 12%га түшүргөндө бюджетке түшкөн салыктын акча каражаты үч-төрт эселеп көбөйгөн.
Кошумча салык (НДС) жана сатууга кошулган салыкты (НСП) биригип 7% жана жергиликтүү салыкты 2% кылып баары биригип 9% салык кылса болот.
Кафелер, дүкөндөр жана базардагы соодагерлер ошондой эле өндүрүүчүлөр менен тейлөө-туризм тармагындагылар ( мейманканалар, пансионаттар) өздөрүнүн баасын коюп элге кызматын жана продукциясын сатышат. Кичи соода кылгандарга (таксистер, семичка, балмуздак, суусундук, шариктерди ж.б. нерселерди саткандар) патент алып салыкты төлөшөт. Сатылып же көрсөтүлүп жаткан продукцияда баа салыксыз көргөзүлөт да, бирок 9% салык автоматтык түрдө көрсөтүлгөн бааларга кассалык аппаратар аркылуу сатылып жатканда кошулат. Мисалы: 1 даана кол саат 1000 сом деп дүкөндө баасы турса, аларман акча төлөрдө автоматтык түрдө 9% кошулуп 1090сомду аларман төлөйт. Түшкөн салык сатармандын эсебине эмес туура автоматтык түрдө салык кызматынын эсебине кетет. Эгерде накталай акча төлөнсө салык сан катары салык кызматына кетет да, сатарман накталай алган акчаны салык кызматына төлөгүчө карыз болуп турат. Ошондо алдап төлөбөй коюу деген жокко чыгып, элибиз өзү чектерди сатуучулардан талап кылып калат.
Ошондой эле ар бир жаран алган айлыктан (соцфонд, медицина төлөмүндөрүнөн тышкары) бир гана 2,5% салыкты төлөшөт (шариатта да 2,5% зекет төлөнүш керек, ошол сымал тапкан айлыгыбыздын зекетин берген болобуз) ошондо 20 миң сом айлык алсак 500 сомду салыкка төлөйбүз. Жеке менчик ишканалар, усталар жана башка жактан накталай айлык алгандар ушул 2,5% салыкты төлөбөсө тапкан акчасынын зекетин бербеген болуп, тапканынан береке тапбайт деп элге түшүндүрүү керек. Өлкөдөгү мамлекеттик жана жеке менчик массалык маалымат каражаттарында мамлекеттик саясат жүргүзүү зарыл. Салыктан түшкөн акчалар мектептерге, ооруканаларга, бала-бакчаларга, жолдор менен көпүрөлөргө жана таза суу менен көчөлөрдөгү жарыктык берген чырактарга, мугалим менен догдурларга жана башка социалдык иш чараларга кетет деп түшүндүрүү ишин токтотпой жасаш керек.
Буга мисал азыр эң өнүккөн Американын Калифорния штатында кошумча салык 8,54%, жана сатууга кошулган салык, жергиликтүү салык болуп баары биригип орточо 9,98% төлөнөт. Ошону үчүн жөнөкөй жарандардан баштап зор корпорациялар да салыгын бекитишпей толук төлөшөт жана ошол түшкөн акчага мамлекет жолдорун куруп, мектептерин жана бала-бакчаларын бекерге ачып окутушат, мугалимдердин жана полицияда иштеген кызматкерлердин айлыгы жылына 150-200 миң долларга чейин жетет. Эми АКШдагы айлыкка азырынча жетиш кыйын дечи, бирок мамлекетти стабилдүү сактап турсак болот.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg