www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда соңку бир сутка ичинде 944 адамдан коронавирус табылды. Алардын 630унун симптому жок экенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин казак басылмалары жазып чыкты.

COVID-19 эпидемиясы башталгандан бери Казакстанда биринчи жолу бир күн ичинде миңге чукул адам коронавируска чалдыгып жатат. Өлкөдө март айында эпидемия башталгандан бери өпкөнү сезгенткен бул вирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 17 031 адамга жетти. 67 киши COVID-19 илдетинен кайтыш болду. Казак өкмөтү коронавирус аныкталып, бирок өлүмүнө өнөкөт оорусу негизги себеп болгон бейтаптарды расмий статистикага киргизбейт. 4-июнда Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов 37 адам COVID-19га чалдыгып, “башка оорудан кайтыш болгонун” билдирген.

Белгилей кетсек, Казакстанда коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал 11-майда аяктаган. Чектөөлөр көпчүлүк өрөөндөрдө алынганы менен айрым аймактар вирус көбөйгөндүктөн карантин чараларын катаалдатып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости