www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоого ата мекендик өндүрүштөгү дары колдонулат. Лабораториялык изилдөөдөн өткөн Рутан дарысы Өзбек-Кытай медициналык технопаркында иштелип чыккан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Рутан каражаты буга чейин сасык тумоо илдетине каршы күрөшүү үчүн Өзбекстандын Илимдер академиясынын биоорганикалык химия институту тарабынан чыгарылган. Кытайлык дарыгерлер аталган каражатка эксперимент жүргүзүшүп, жыйынтыгында Рутан дарысы коронавирус илдетин 78 пайызга төмөндөтөрүн белгилешкен.

Сөз болуп жаткан дары буга чейин Иран мамлекетине гуманитардык жардам катары жөнөтүлүп, лабораториялык изилдөөдө ийгиликтүү болуп чыккан.

Өзбек-Кытай медициналык технопаркында фармацевтикалык завод иштеп, анда дары каражаттарынын 8 түрү өндүрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости