www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Акыйкатчысына Бишкек шаарынын соода борборлорунун биринин дааратканасынан Ш.Б. аттуу чоң кишиден 13 жаштагы К.А. аттуу кызы сексуалдык ыдык көргөнүн айтып Ч.А. аттуу аял  кайрылган.

Ч. А. арызында, Акыйкатчыдан Ш.Б.га карата козголгон кылмыш иши боюнча актоо өкүмүн чыгарган Бишкек шаарынын  Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек, ошондой эле Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын судьялары З.Б. Алгожоева, К. С. Есекеева жана Ж.С. Сабитова  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн аларды жоопкерчиликке тартууга көмөктөшүүнү өтүнгөн.

Кыргыз Республикасынын  Акыйкатчы аппараты арыз ээси берген арызды жана документтерди карап чыгып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда процессуалдык мыйзам бузууларга жол койгону аныкталды. Тактап айтканда, ал бул кылмыш ишин кароого укугу жок болчу, анткени ал Ш.Б. аттуу жаранга жазган Ч.А.нын арызы боюнча Ж.Тукешовдун кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимине карата (У-243/18 иш. Б3  20. 06. 2018-ж) жабырлануучу К.А.нын  жактоочусу  А.Кыйгырованын даттануусун кароого катышкан.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин  67-беренесине ылайык,  “Сотко чейинки өндүрүшкө катышуучу тергөө судьясы биринчи апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы сотто ошол эле ишти маңызы боюнча кароого катыша албайт.

Жактоочусу А.Кыйгырова жана жабырлануучу Ч.А.  бир нече жолу өтүнүч келтирип, судья Эрнис уулу Айбекти чакыртып алуу суранычы четке кагылган жана бул судья соттолуучу Ш.Б.ны тергөө изоляторунда камакта отургузуунун ордуна, "үй камагына алуу" түрүндө баш коргоо чарасын тандаган.  Ошентип, судья Эрнис уулу Айбек Ш.Б.га коюлган сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук көрсөтүү-оор кылмыш (162-бер, 3 б. 2 п. КР Жазык кодексинин жана  КР ЖПК 116-бер) кылгандардын жазасы 5 жылдан ашкан мөөнөткө эркинен ажыратылат жана камакка алынат деген ченемди четке каккан.

Процессуалдык мыйзам бузууларга Бишкек шаардык сотунун Административдик укук бузуулар жөнүндө жазык иштери боюнча соттук коллегиясынын судьялары З.Б. Алгожоева, К.С. Есекеева  жана Ж.С. Сабитова  тарабынан 2020-жылдын 18-февралында өкүм чыгарууда арыз берүүчүнүн пикири боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эрнис Айбек уулунун соттолуучу Ш.Б.га карата чыгарган адилетсиз өкүмүн көңүл сыртында калтырып, ал эми Ш.Б.нын кызга сексуалдык мүнөздөгү зордук көрсөтүү аракетин толук далилдеп берген мамлекеттик айыптоочулар Н.Качыгулова жана Л.Маданбекованын сөздөрүн көңүлгө албай, процессуалдык мыйзам бузууларга жол берилген.

Айыпкер Ш.Б. оор кылмыш жасаганы боюнча соттун биринчи жана экинчи инстанциясында К.А. түздөн-түз көрсөтмөлөрү, ошондой эле соттук-психологиялык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизалардын корутундулары менен далилденген. "Жабырлануучу фантазиялаштырганга шыгы жок жана ал  толугу менен өзүнүн иш-аракеттерин түшүнөт жана отчет бере алат” деп жазылган.  Эксперт-полиграфологдун корутундусунда  Ш.Б. суроолорго калп жооп бергени айтылганына карабастан, жогорудагыларды судьялар көңүлгө алышкан эмес.

Жогоруда баяндалгандарды  эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Мыйзамынын 8-2-беренесин жетекчиликке алуу менен Токон Мамытов Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун судьясы Эрнис Айбек уулу, ошондой эле Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын судьялары - З.Б Алгожаева. К.С. Есекеева жана Ж.С. Сабитова процесстик мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына тийиштүү сунушун жөнөттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости