www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жогорку окуу жайларынан чакыртылган өзбек студенттерин жергиликтүү окуу жайлар кабыл албай жатат.

Айрым студенттер маселени чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен президент Шавкат Мирзиёевге кайрылышты.

Кашкадарыялык Нодир Түштүк Казакстан облусундагы Мухтар Ауэзов атындагы университетте бир жыл окугандан кийин билимин Өзбекстандагы Карши мамлекеттик университетинде улантууну чечкен.

Ал президент Шавкат Мирзиёев коңшу өлкөдө окуган студенттер мекенине кайтса, алардын "окуу акысы төмөндөтүлүп, башка да жеңилдиктер берилерин" убадалагандан кийин келгенин билдирди.

– Президенттин сөзүнө ишенип казак университетинен чыгып, өзбекстандык окуу жайга которулууну чечкем. Мекениме келгенде бюрократияга туш болдум: жергиликтүү ЖОЖдор транскрипт, аттестаттын түп нускасын, окуу жайга кабыл алуу жөнүндө буйрукту талап кылууда. Алар мага 15-ноябрга чейин убакыт беришти. Негизи, өзбекстандык жогорку окуу жайлар бул документтерди коңшу өлкөдөгү ЖОЖдордон өздөрү суратып алышы керек эле. Коңшу өлкөнүн ЖОЖдору бизге документтердин түп нускасын бербей, өзбекстандык окуу жайлардын өкүлдөрүнүн келишин талап кылып жатышат, – деди студент.

"Кашкадарыя" Telegram-тобундагы маалыматка караганда, учурда коңшу өлкөлөрдөн келген 300дөй студент Карши мамлекеттик университетинде окуусун уланта албай жатат.

Карши мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын Ойбек аттуу өкүлү тиешелүү документтердин түп нускасын алып келбеген студенттер окууга кабыл алынбай турганын тастыктады:

– Студент чын эле казакстандык окуу жайда окуганын билбейбиз да. Ошондуктан биз муну тастыктаган документтерди талап кылып жатабыз. Кайтып келген студенттердин арасында окууга тапшырып, бирок пандемиядан улам окубай койгондору да бар. Эгер студент керектүү документтерди алып келсе, кабыл алабыз, эч кандай маселе жок.

Өзбекстандын башка жогорку окуу жайларында деле абал ушундай.

2020-жылы өзбек өкмөтү чет өлкөдөгү студенттерин мекенине кайтаруу өнөктүгүн баштаган. Аларга жеңилдиктер сунушталып, эч кандай сынаксыз, жергиликтүү окуу жайларга баштапкы адистиги боюнча кабыл алынары айтылган.

Тажикстанда окуган студенттерди мекенине кайтарууга тажик университеттеринин Өзбекстандын Улуттук рейтингинде жоктугу себеп болгону кабарланган. Казакстан менен Кыргызстандан студенттерди артка кайтарууга эмне түртү болгону азыркыга чейин айтыла элек.

Өзбекстандын Жогорку жана орто кесиптик билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын февраль айына чейин Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жогорку окуу жайларында 35 миңден ашуун өзбек студенттери окуп жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости