www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифинг учурунда билдирди.

“Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн саны орундуктун саны менен чектелет. Салондун ичи ар бир каттамда тазаланып, дезинфекцияланып турушу шарт. Өз кезегинде ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоону жана милдетүү түрдө бет кап тагынууну өтүнөм. Вирус жуктуруп алуу коркунучу күч”, — деди Үсөнбаев.

Үсөнбаевдин айтымында, эгер автобус, троллейбус жана кичи автобустар кабыл алынган эрежелерди буза турган болсо, иши токтотулат.

Эске салсак, 19-майдагы жыйында вице-премьер Кубатбек Боронов өлкөдө 25-майдан тарта коомдук транспорттордун каттоосу башталаары тууралуу айткан. Бирок көп өтпөй Бишкек мэриясы коопсуздукту сактоо максатында коомдук транспортторду 1-июндан тарта ишке берилүүсүн сунуштап жатканы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.org

Последние новости