www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин, Орусияга барган Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Кремль сарайында жолукту.

Орусиянын президенти Влдимир Путин, Корея жарым аралындагы абалга тарапташ болгон бардык өлкөлөрдү согуш тууралуу айтымдардан оолак болуу жана диалог чакырыгын таштады.

Орусияга барган Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Кремль сарайында жолуккан Орусиянын президенти Путин, Корея жарым аралындагы саясий абалдын олуттуу түрдө начарлап кеткенин белгилеп: «Бул темага кошулган бардык өлкөлөрдү, согуш тууралуу айтымдардан оолак болуу, токтоо жана конструктивдүү диалогго чакырабыз.Ушул жагынан алганда алтылык сүйлөшүүлөрдүн тез арада башталышын орток милдет катары көрүүдөбүз»,-деди.

Путин, Орусия менен Япониянын ортосундагы талаш темасы болгон Куриль аралдары темасын кеңири карап чыккандарын белгилеп: «Куриль аралдарында биргелешкен экономикалык жана соодалык иш-чаралардын жүргүзүлүшү үчүн алдыңкы долбоорлорунун белгилениши темасында келишим түздүк. Долбоорлордун иликтениши үчүн быйыл Япониянын жооптуу кызматкерлери Куриль аралдарына сапар жасашат»,-деп айтты.

Орусия жана Япониянын 2-Дүйнөлүк согуштардан кийин Куриль аралдарынын эгемендиги темасындагы келишпестигинин себебинен кол кое алышпаган тынчтык келишимине токтолгон Путин, эки өлкөнүн тең стратегиялык кызыкчылыктарына жооп берген жана укуктары тарабынан кабыл алынган макулдашуу камсыздалышы керектигин белгилеп өттү.

Япониянын премьер-министри Абэ да, Путин менен Түндүк Корея маселелерин сүйлөшкөндөрүн белгилеп, «Япония жана Орусия, бул темада жакын кызматташуусун улантат. Түндүк Кореяны БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомуна баш ийүүгө жана провакациялык кыймылдардан алыс турууга чакырабыз»,-деди.

Япониянын шериктештери АКШ, Түштүк Корея жана Австралия, Түндүк Кореянын атомдук иш-аракеттерин токтотуш үчүн Кытай менен бирге Орусиянын кысымын күчөтүүсүн суранды.

Булак:  "trt.net.tr"

Последние новости