www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин азыркы депутаты Шаирбек Ташиев менен кумарканага көп суммадагы каражат уттуруп жибергени тууралуу сүйлөшүү болгонун “Азаттыкка” ырастады. Ал суроолорго жооп берип жатып Интернетке тараган видеону өзү да көргөнүн, бирок сүйлөшүү качан, кайсыл жерде болгону эсинде жок экенин айтты.

“Качан сүйлөшкөнүбүз эсимде жок. Бирок сүйлөшкөнбүз. Видеону көрдүм. Каякта болгон билбейм. Бирок бир жерде сүйлөшүү болгон. Мен эми жалган сүйлөмөк белем. Болгонун-болгондой да”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 10-мартта социалдык тармактарда “Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин кумаркана боюнча” сүйлөшүүсү делген тасма тараган. Анда алар кумар ойноп, 1 миллион 320 миң доллар карыз болушканы, ал ишке маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин аралашканы айтылат.

Последние новости