www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус адамды бат карытат

COVID-19 адамды бат карытарын жана ал процессти жайлатуу үчүн эмне кылуу керектигин Sputnik радиосу дарыгер-эндокринолог Зухра Павловага таянып жазды. 

Буга чейин агенттикке невролог Эркин Шамсиев коронавирус организмге киргенде өпкөнү гана жабыркатпастан эрте улгайтарын айтканы белгиленет. Мындан сырткары, ооруда адам моралдык жактан «күйүп» кетет, бул жалпы ден соолукка терс таасирин тийгизери айтылган.

Дарыгер-эндокринолог Зухра Павлова бул пикирди толуктады.

«Мээ менен нерв тутумунан тышкары перифериялык система да карып, организмде көптөгөн өзгөрүүлөр болот. Бейтаптардын көбү буту-колу чымырап, коронавирустан кийин кайдагы бир оорулары чыгып жатканын айтышат. Ушундан улам вирус бир органды эмес, жалпы системага таасир этерин айтсак болот», — деген ал.

Карылыкты токтотуу кыйын, ошондуктан дарыгер коронавирустан мүмкүн болушунча сактанууга кеңеш берди. Дени сак жашоо образын карманып, убагында вакцина алуу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости