www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус алты баланын өмүрүн алды

Кыргызстанда коронавирус катталган 2020-жылдын март айынан бери бул инфекция алты баланын өмүрүн алды. Бул тууралуу 27-июлда Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун башкы дарыгери Айна Жетибаева билдирди.

«Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордо, Онкология боюнча улуттук борбордо, ОшМУнун клиникасында, Ош облустук балдар ооруканасында, Жумгал райондук ооруканасында жана Ош шаардык ооруканасында катталды», - деди ал.

Жетибаеванын айтымында, жалпысынан коронавируска чалдыгып ооруканага түшкөн бир жашка чыга элек ымыркайлардан тартып 18 жашка чейинки курактагы балдардын саны былтыртан бери 2094кө жетти. Алардын эң көбү Бишкекте (807), Чүйдө (351) жана Ошто (342).

COVID-19 менен ооруканага жактырылган балдардын көбү 1-15 жаштагылар (1383), бирге чыга элек ымыркайлар 311 болду. 400ү 16-18 жаштагылар.

Коронавирустан улам оорусу өрчүп кеткен балдар жалпы катталгандардын 37,5% түздү.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги быйыл 15-июнда расмий билдирген.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

Вирустун айынан былтыртан бери мектептердин жана бала бакчалардын көбү жабык турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости