www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Бишкек — Ош жолунун 217-чакырымында жол кырсыгына кабылды. Маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев тастыктады. 

Анын айтымында, кечээ, 26-июлда, таңкы саат 6:00дөр чамасында Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уктап кетип, Токтогул районунун аймагында жол четиндеги тосмону сүзүп алган.

Унаанын ичинде вице-мэр жана дагы үч жүргүнчү бараткан. Алар денесинен ар кандай жараат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Жабырлануучулардын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Айдоочу эч кандай жараат алган эмес. 

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости