www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Руслан Акматбек: “Биз бийликти элге беришибиз керек”

“Биз бийликти элге беришибиз керек”, - деди бүгүн, 27-июлди NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Руслан Акматбек билдирди.

--“Биз бийликти элге беришибиз керек. Эл өзү эле бардык көйгөйлөрүн чечип, өз алдынча жашаганга үйрөндү. Азыр акимдерди дагы эл өзү тандап, шайлап алса болмок.

Эл билет, ошолордун арасында ким кандай иштейт, ким мамалекетке күйүп аракет кылып жатканын. Мисалы, Казакстанда бийлик бир адамын колунда болчу. Алар баарын түшүндү. “Кой элдин тандоосуна, эл менен тыгыз иштешкен адамды койолу” деп шайлоо кылып тандап алышты.

Азыр бизде бардык жоопкерчиликти бир эле адам алып жатат. Майда-чүйдө иштериди өз алдынча эле акимдер, же башкалар чечсе болот да. Азыр карап көрсөк баарын эле “министр же президент өз көзөмөлүнө алды” деген маалымат. Баарын президет же министрлер кабинетинин төрагасынын көзөмөлүсүз иш бүтпөй калды. Мындайча айтканда башка жетекчилердин таасири жок. Алар эч нерсе чече албайт дегенди билдирет”, - дейт активист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости