www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын борбордук бөлүктөрүндө экологияга коопсуз гана коомдук транспорттор каттайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул боюнча алгачкы кадамдар жасалды. Июнь айында Өзбекстанда өндүрүлгөн ISUZU үлгүсүндөгү 50 автобус ишке киришти.
"Келишимдин негизинде жакынкы күндөрү дагы 40 автобус келет. Бирок алар газ менен иштечү автоунаалар. 2023-жылга чейин 1 миңге чукул газ моторлуу транспорт киргизебиз. Эмдиги жылы азыркылардан дагы көп орундуу 30 автобус алып келинет. Анда майыптар үчүн ыңгайлуу шарттар каралган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Мэриядан кошумчалашкандай, учурда шаар жетекчилиги эл аралык донорлор менен бир нече долбоорду ишке ашырууну көздөөдө. Мисалы, Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы менен “Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорт системасын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу пландалып жатат.
Ал эми Азия өнүктүрүү банкы аркылуу “Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору ишке ашат.
Булак: NazarNews.kg